Тажикстандын Самбо федерациясынын башкы катчысы Махмуд Абдуллоевдин билдиришинче, медал алган үч спортчу тең самбо боюнча улуттук кураманын мүчөлөрү.
"Бул эл аралык мелдеште Сорбон Латифов 64, Деваштич Убайди 79 жана Зафар Олимшоев 88 килограммдык салмакта коло медалдарга ээ болушту", – деди Абдуллоев.
12-июнда башталып, 23-июнда жыйынтыктала турган V БРИКС оюндарына дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн барган 4 миңге жакын спортчу катышууда. Алар жалпысынан спорттун 27 түрү боюнча медалдар үчүн күч сынашат. Мелдешке Тажикстандын атынан спорттун 14 түрү боюнча 85 спортчу барган.
Жалпы медалдык эсепте эң көп медал уткан орусиялык спортчулар биринчи орунда келе жатышат. Алар 117 алтын, 80 күмүш жана 49 коло медал утушту.
Экинчи сапка 19 алтын, 37 күмүш жана 41 коло медалы менен Беларустун спортчулары жазылды.
Кытайдын курамасы 17 алтын, 11 күмүш жана сегиз коло медал утуп, үчүнчү орунда келе жатат.
Тажикстан үч коло медалы менен 21-орунга жайгашты.