"Азаттыктын" казак кызматы ал полиция бөлүмүндө "Украинага даңк" деп кыйкырганы үчүн камалганын "Медиазонага" шилтеме кылып жазды.
Хохлов көчөдө сөккөнү үчүн 4-июнда кармалган. Полиция бөлүмүнө алып келген учурда ал "кол шилтеп" "Украинага даңк" деп кыйкырган. Коомдук жайда сөгүнгөнү үчүн ага "майда бейбаштык" беренеси менен айып тагылып, 500 рубль айып пул салынды. Сот "Украинага даңк" деген сөз айкашын "Украинанын улуттук ассамблеясы - Украина элинин өзүн-өзү коргоо" жана "Оң сектор" экстремисттик уюмдарынын саламдашуу атрибуту деп тапкан. Бул үчүн Казакстандын жараны 13 күнгө камалды.
Маалыматта Хохлов өз күнөөсүн мойнуна алган жана өкүнгөнү белгиленген. Ал "Украинага даңк" деп кыйкырган учурда мас болгонун айткан.
2018-жылдан бери бул сөз айкашы Украин Куралдуу күчтөрүнүн жана өлкөнүн Улуттук полициясынын расмий саламадашуу учурундагы урааны болуп калды. 2024-жылдын 18-январында Орусиянын Юстиция министрлиги “Украина улутчулдарынын уюмунун” символикасын жана “Украинага даңк” ураанын тыюу салынгандардын тизмесине кошкон.