"Казакстанга экстремизмге жана терроризмге тиешеси бар 151 чет өлкөлүк жаран киргизилген жок. Мындан тышкары өлкөгө тыюу салынган диний адабияттарды алып киргени үчүн 19 чет өлкөлүк жоопкерчиликке тартылды", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
12-июнда УКК төрагасы Ермек Сагимбаевдин жетекчилиги менен Казакстандын Антитеррористтик борборунун кезектеги жыйыны өттү. Анда "маанилүү коомдук жана саясий иш-чаралардагы коопсуздукту камсыз кылуунун алкагында мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү чаралары" талкууланды.
1-апрелде Казакстандын атайын кызматы бир теракттын алдын алганын кабарлаган. УККнын маалыматына ылайык, Актау шаарында терроризм актысын даярдоого шектелип жергиликтүү тургун кармалган. Билдирүүдө ал мурда адам өлтүргөнү үчүн соттолгону жана "радикалдуу диний идеологияга азгырылып кеткени" жазылган. Шектүү жашаган жерди тинтүү учурунда жардыруучу заттарды даярдоо үчүн керектүү компоненттер "жана башка далил буюмдар" табылган.