Алардын арасында 2022-жылдын 13-майында Петропавловск шаарында катталган Казакстандын "КБР-Технология" компаниясы да бар.
2024-жылдын февралында орусиялык "Верстка" басылмасы бул компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу жазган. Иликтөөдө "КБР-Технология" OSTEK компаниялар тобуна санкцияланган товарларды жеткирүүгө катышканы айтылган.
"Бажы маалыматтарына караганда, 2023-жылдын мартынан августуна чейин беларусиялык "Тефида" казакстандык "КБР-Технология" компаниясынын атынан OSTEK тобуна жана ага тиешелүү компанияларга 5 миллион долларлык электрондук компоненттерди чыгаруу үчүн жабдууларды жеткирген", - деп жазган иликтөөнүн авторлору.
Санкцияга орусиялык фирмалардан тышкары Кытай, Түркия, Кыргызстан, Болгария, Сербия, Түштүк Африка, Бириккен Араб Эмираттары, Беларус жана Британиянын Виргин аралдарынын бир катар компаниялары да киргизилген.
Санкциядан тышкары АКШнын Каржы министрлиги Орусияга IT кызматтарын, өнүмдөрүн экспорттоого, реэкспорттоого, сатууга же жеткирүүгө тыюу салды.
АКШнын Каржы министри Жанет Йеллен киргизилген санкциялар Орусиянын чет өлкөдөн тетиктерди жана жабдууларды алуу мүмкүнчүлүгүнө сокку урарын айтты.
"Биз Орусиянын согуштук экономикасына аралашкан каржы институттары үчүн тобокелдикти күчөтүп, салык төлөөдөн качуу жолдорун жок кылып жатабыз. Ошондой эле Орусиянын чет өлкөлүк технологияларга, жабдууларга, программалык камсыздоого жана IT кызматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүн азайтып жатабыз", - деп айтылат АКШнын Каржы министрлигинин билдирүүсүндө.
Мурдараак Bloomberg агенттиги АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы америкалык технологиялардын негизинде жасалган же үчүнчү өлкөлөрдө америкалык жабдууларды колдонуу менен өндүрүлгөн жарым өткөргүчтөрдүн Орусияга жеткирилишине тыюу салууну пландап жатканын жазган.
Быйыл Америка бийлиги Орусияга жана буга чейин Вашингтондун санкцияларын айланып өтүүгө жардам берген өлкөлөргө каршы мындай масштабдуу чектөөлөрдү эки жолу киргизген.
1-майда АКШнын Каржы министрлиги орусиялык 250дөн ашык жеке жана юридикалык жактарга каршы санкция салган. Москвага санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген Кытай, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Бельгия, Словакия жана Азербайжандын компаниялары да чектөөлөргө дуушар болгон.
2024-жылдын февраль айында АКШ саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына байланыштуу 500 жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле Орусиянын каржы секторуна, аскердик-өнөр жай комплексине, сатып алуу тармактарына жана санкциялардан качкан компанияларга чектөө киргизген.