Ал Рогун ГЭСинин курулушу Тажикстанды гана эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн да электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүндүк түзөрүн белгиледи.
Мухаммад аль-Жассер Тажикстан үчүн стратегиялык мааниге ээ гидротүйүндү куруп бүткөрүүгө каражат кандай шарттар менен бериле турганын тактап айткан жок. Тажик бийлиги да бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.
Ислам өнүктүрүү банкы Рогун ГЭСинин курулушуна каражат бөлүүгө ниеттенип жатканы быйыл апрелде кабарланган. Анда Тажикстан аталган объектини куруп бүткөрүүгө инвестиция салуу өтүнүчү менен Дүйнөлүк банкка кайрылган. Бүгүнкү күндө ГЭСтин эки агрегаты ишке берилген. Курулуш иштерин улантуу үчүн Тажикстан ири каражатка муктаж болууда.
3 600 мегаваттык Рогун ГЭСинин курулушу аяктаса, ал Борбор Азиядагы эң ири гидроэлектрстанция болуп калат жана Тажикстандагы электр энергиясынын өндүрүшүн эки эсеге көбөйтүүгө шарт түзөт. ГЭСти куруу долбоору 1974-жылы иштелип чыгып, плотина курулушу 1987-жылы башталган.
Тажикстандагы жарандык согушка байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтоп, 2010-жылы улантылган. 120 МВт кубаттуулуктагы биринчи агрегат 2018-жылы ноябрда, экинчи агрегаты 2019-жылы сентябрда ишке берилген. Жалпысынан ар биринин кубаттуулугу 600 МВт түзгөн алты агрегат орнотуу пландалган. Анын акыркысы 2029-жылы ишке берилет деп күтүлүүдө.