Ссылки доступа

Орусияда "жоголгон" тажик жараны Душанбенин тергөө абагынан табылды


Сулаймон Жобировдун жакындары бир нече жумадан кийин анын жүргөн жерин тактоого жетишкенин айтышты. 43 жаштагы тажик мигранты 8-апрелде Орусиянын Самара шаарында  табышмактуу түрдө "жоголуп" кеткен.

Алардын айтымында, ал азыр Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" уюму менен кызматташкан деген айып менен Душанбедеги тергөө абагында отурат.

"Тергөөчү анын атасы менен байланышып, Сулаймон камакта экенин жана "Группа 24" менен кызматташкан деп айыпталып жатканын билдирген." Сулаймондун атасы Душанбеге барып, уулу менен жолуккан. Сулаймондун адвокаты бар", - деди Жобировдун жакындарынын бири.

"Озоди" Жобировдун камалышы боюнча бийликтен түшүндүрмө ала алган жок. Тергөөчү Жобировдун атасына уулу акыркы он жылдан бери издөөдө жүргөнүн айткан.

"Группа 24" уюмунун өкүлү Убайдулло Саиди 10-июнда "Озоди" радиосуна Сулаймон Жобиров бул уюмга 8 жылдан бери мүчө эместигин жана алар менен эч кандай байланышы жок экенин билдирди.

"2016-жылы уюмдун жыйынында ал өз ыктыяры менен "Группа 24түн" мүчөлүгүнөн чыгып кеткен жана андан бери кызматташууга же бизге кошулууга эч кандай каалоосу болгон эмес", - деп белгиледи Саиди.

Сулаймон Жобиров Вахш районунун тургуну, алты баласы бар. Көп жылдар бою Орусиянын Самара шаарында жашаган.

2015-жылы Стамбулда өлтүрүлгөн оппозициялык ишкер Умарали Кувват негиздеген "Группа 24" кыймылы 2014-жылы Тажикстандын Жогорку сотунун чечими менен "экстремисттик уюм" деп табылып, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Андан бери ондогон адам бул кыймылга мүчө болгону үчүн кармалып, узак жылдарга соттолду.

XS
SM
MD
LG