"Кассациялык арыздарды алдын ала кароо коллегиясы биздин арызды андан ары кароого негиз жок деген чечим кабыл алды. Башкы прокуратурага, соттун төрагасына кайрылабыз. Алардан жыйынтык болбосо Конституциялык сотко арыз беребиз", – деди Доскараев.
Айыптоолордун баарын четке кагып жаткан Марат Жыланбаев былтыр ноябрда Астанадагы соттун чечими менен "Экстремисттик уюмду каржылоо" жана "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылган. Активист бул өкүмдү жокко чыгаруу жана аны толугу менен актоо талабы менен кассациялык арыз жазган.
5-июндагы сот отуруму буга чейинки процесстердей эле жабык өттү. Аны колдоо үчүн барган тарапташтары сот залына киргизилген жок. Январда Степногорск шаарына которулган Жыланбаев өзү Жогорку сотко жеткирилген жок.
Былтыр декабрдын соңунда эл аралык уюмдар, анын ичинде Amnesty International жана Human Rights Watch укук коргоо уюмдары Казакстандын бийлигин Марат Жыланбаевди эркиндикке чыгарууга чакырышкан. "Активист жана белгилүү ультрамарафончу саясий позициясы жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн гана жети жылга соттолду. Ал тез арада эркиндикке чыгарылышы керек", – деп жазылган Amnesty International'дын билдирүүсүндө.
60 жаштагы белгилүү марафончу Марат Жыланбаев 2023-жылы май айында кармалган. Акыркы жылдары саясатка кызыгып, митингдерге чыгып, "Алга, Казакстан!" аттуу оппозициялык партияны каттоодон өткөрүүгө аракет кылып жүргөн Жыланбаевге "Экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо" жана "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелери менен айып тагылган. Ал бозгунда жүргөн оппозициячы Мухтар Аблязов түзгөн "Казакстандын демократиялык тандоосу" уюмунун ишмердүүлүгүнө катышкан деп күнөөлөнгөн.
19-январда Астана шаардык соту биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Активист өзү жана анын тарапташтары тагылган айыптарды четке кагууда. Казакстандык укук коргоочулар Жыланбаевди өздөрү түзгөн "саясий туткундардын" тизмесине киргизишкен.