"Иш-чаранын күн тартибине өзбек-түрк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү маселелери киргизилди", – деп жазылган өзбек президентинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.
Маалыматка караганда, эки өлкөнүн президенттери товар алмашуу көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле өнөр жай, "жашыл" энергетика, электротехника, текстиль, фармацевтика, айыл-чарба жана башка тармактар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашат.
Мындан тышкары эл аралык саясаттын актуалдуу аспекттери боюнча пикир алмашуу болот. Ошондой эле Шавкат Мирзиёев менен Режеп Тайып Эрдоган эки өлкөнүн алдыңкы ишканаларынын жана компанияларынын жетекчилери менен биргелешкен жолугушууларды өткөрүшөт.
Жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынат деп күтүлүүдө.
Мирзиёев акыркы жолу Түркияга өткөн жылы март айында, Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышуу үчүн барган.