«Жалпысынан 2087 адам компенсация алуу боюнча келишимге кол коюшкан, 1582 тургундун эсебине компенсация которулду», — деп айтылат Атырау облусунун ыкчам штабынын билдирүүсүндө.
Компенсация алган Күлсары шаарынын тургундарынын бири жаңы турак жай курууга даярдык көрө баштады. Маалыматта жабырлануучу компенсациянын өлчөмү: ар бир чарчы метрге 240 миң теңге — аны «толук канааттандырганын билдирип, келишимге кол койгону айтылат.
Штаб ошондой эле селден жапа чеккендер үчүн 100 үйдүн курулушу уланып жатканын кабарлайт. Ар бир үйдүн аянты 100 чарчы метрди түзөт. Учурда турак жайлардын дубалы тургузулууда.
Апрель айынын башында 66 миң калкы бар Күлсарыны сел каптап, миңдеген кишилер эвакуация болгон. Соңку маалымат боюнча, 3 миңдей үйдү суу каптаган, алардын 570и жараксыз жана жашаганга кооптуу абалда деп кабарланган.
Май айында шаардын тургундары компенсациянын өлчөмүн жогорулатуу талабы менен бир жумадай нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар жараксыз болуп калган үйдүн ар бир чарчы метри үчүн 400 миң теңге кенемте талап кылышкан. Казак бийлиги болсо чарчы метрге 240 миң теңгеден ашпаган акча бөлүнөрүн билдирген.