Жаңы иштин алкагында Гүлмира Сатыбалды "өзгөчө ири өлчөмдө опузалап акча талап кылууга", "өзүмбилемдикке" жана "адамды мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратууга" айыпталууда. Аны менен кошо айдоочусу Мади Батыршаев да соттолууда.
Жергиликтүү агенттиктердин маалыматына караганда, бул иш боюнча жабырлануучу – Гүлмира Сатыбалданын мурдагы күйөө баласы Абай Жунусов.
Өткөн айдын башында Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы Гүлмира Сатыбалдыга жана башка адамдарга карата "ишкерди мыйзамсыз камоо, өзгөчө ири өлчөмдө опузалап акча талап кылуу жана адам өлүмүнө алып келген өзүмбилемдик фактылары боюнча" тергөө аяктаганын жарыялаган.
Гүлмира Сатыбалдыга карата Алматы шаарынын тергөө соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.
Былтыр июнда Кызылорда облустук соту Гүлмира Сатыбалдыны "башканын мүлкүн ыйгарып алуу жана ысырап кылуу" иши боюнча сегиз жылга эркинен ажыраткан.
Кайрат Сатыбалды "Казахтелеком" жана "Транспорттук сервис борбору" компанияларынан ири суммада акча уурдаган деген шек менен 2022-жылы март айында кармалып, ошол эле жылдын сентябрь айында алты жылга эркинен ажыратылган. 2023-жылдын декабрында ал түрмөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошонуу өтүнүчүн келтирген. Бирок сот андай чечимге али эрте деген жүйө менен бул өтүнүчтү кароодон баш тартып койгон.
53 жаштагы Кайрат Сатыбалды — Нурсултан Назарбаевдин 1981-жылы автокырсыкта каза болгон иниси Сатыбалды Назарбаевдин уулу.
2018-жылы казакстандык Forbes журналы Кайрат Сатыбалдыны Казакстандагы эң бай 50 бизнесмендин тизмесине киргизип, анын байлыгын 163 миллион доллар деп баалаган.