Ссылки доступа

Өзбекстанда кримтөбөл "Бахти Ташкентскийдин" жана анын шериктеринин соту өтүүдө


3-июнда Өзбекстанда кылмыш дүйнөсүнүн "Бахти Ташкентский" деген лакап аты менен белгилүү өкүлү Бахтияр Кудратиллаевдин жана анын 36 шеригинин иши боюнча сот башталды. Социалдык түйүндөргө жарыяланган видеолордон сот ачык өтүп, Кудратиллаев судьянын суроолоруна жооп берип жатканын көрүүгө болот.

Жалпысынан кылмыш иши боюнча 37 киши, анын ичинде Бахтияр Кудратиллаев, бир тууганы Шухрат Кудратиллаев жана уулу Ихтиёр Кудратиллаев айыпталуучу катары өтүүдө.

Буга чейин бул иш боюнча сот жараяны 29-майда башталары кабарланып, бирок белгисиз себептерден улам ал күнү башталбай калган.

Былтыр ноябрдын аягында Ташкентте кармалган 53 жаштагы Бахтияр Кудратиллаев Кылмыш кодексинин "Денеге атайылап өлүмгө алып келе турган оор жаракат келтирүү", "Денеге атайылап жеңил зыян келтирүү", "Адамды мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу", "Опузалоо", "Алдамчылык", "Документтердеги мөөрлөрдү, штамптарды жасалмалоо жана аларды сатуу", "Кылмыштуу топ түзүү", "Кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерди адалдоо", "Мыйзамсыз маңзат даярдоо, сактоо" жана "Бейбаштык" беренелери боюнча айыпталууда.

2023-жылы ноябрда Ташкентте "көчө бандаларына" ыктымал тиешеси бар делген адамдар жапырт кармала баштаган. Бир нече күндөн кийин бул Ички иштер министрлиги менен Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын өлкөдөгү "криминогендик абалды жакшыртууга багытталган" биргелешкен операциясы экени кабарланган.

Операциянын алкагында Ташкентте жана өлкөнүн башка аймактарында кылмыштуу топторго байланышы бар деп шектелген 200дөн кем эмес киши кармалган. Алардын арасында Салим Абдувалиев жана Аббас Хажиев сыяктуу Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн белгилүү өкүлдөрү да болгон.

Буга чейин Ташкент шаардык сотунун басма сөз кызматы Салим Абдувалиев 19-мартта Мирабад райондук сотунун чечими менен алты жылга эркинен ажыратылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG