Ссылки доступа

Тажикстанда Демократиялык партиянын жетекчиси алмашты


Тажикстандын Юстиция министрлиги Демократиялык партиянын чуулгандуу курултайын мыйзамдуу деп, ал эми Шахбоз Аброрду демократтардын жаңы лидери деп тааныды.

11-майда Тажикстан Демократиялык партиясынын кезексиз курултайында Сайжаффар Усмонзода "канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн" партиянын төрагалыгынан алынып, анын ордуна Шахбоз Аброр шайланган. Усмонзода өзү курултайга катышкан эмес, бирок кийинчерээк добуш берүү партиянын уставына каршы келгенин билдирген.

Буга чейин аталган партиянын Душанбедеги бөлүмүн жетектеп келген 34 жаштагы Шахбоз Аброр ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында 64 жактоочунун колдоосуна ээ болгон. Ал шаардык межлистин депутаты. "Точикфильм" киностудиясында иштейт жана "Истиклол" гезитинин негиздөөчүсү болуп эсептелет.

1991-жылы түзүлгөн Тажикстандын Демократиялык партиясы өз тарыхында ар кандай интригаларды, жаңжалдарды жана келишпестиктерди башынан өткөргөн.

2013-жылы Юстиция министрлиги бир айлык текшерүүнүн жыйынтыгында партиянын жаңы уставын каттоодон өткөрүп, Саиджафар Усмонзоданы партиянын төрагасы деп расмий тааныган. Эки жылдан кийин ал Фархор шайлоо округунан Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасына депутат болуп шайланган. Мурдагы демократтар Усмонзоданы Демократиялык партияны "чөнтөк" партияга айланткан деп айыптап келишет.

Саиджафар Усмонзода Тажикстандын президенттигине эки жолу - 2013 жана 2020-жылдары талапкерлигин коюп, бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, керектүү добуштарды ала алган эмес. Анда айрым эксперттер президенттик жарышка катышуу чечими шайлоого легитимдүү мүнөз берүү үчүн кабыл алынганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG