Ссылки доступа

Ашимбаев Казакстанды русофобияга айыптаган Петр Толстойдун билдирүүсү боюнча комментарий берген жок


Казакстан Сенатынын (казак парламентинин жогорку палатасы) башчысы Маулен Ашимбаев Казакстанды русофобияга айыптаган Мамлекеттик думанын вице-спикери Петр Толстойдун билдирүүсү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Астанада журналисттердин суроолоруна жооп берген Ашимбаев Толстойдун билдирүүсүн анын жеке пикири деп эсептей турганын айтты.

"Менин көз карашым боюнча, бул жеке адамдын пикири жана ал Мамлекеттик думанын расмий пикирин билдирбейт. Депутат жеке адам катары айтып же институттун позициясын билдире алат. Ошондуктан муну драмалаштырып, абалды курчутуунун зарылдыгы жок", – деди Ашимбаев.

Буга чейин Мамдуманын вице-спикери "Комсомольская правда" радиосуна берген маегинде "Москва Украина темасын жаппаса, Орусияны курчап турган башка өлкөлөр, анын ичинде Казакстан жана Армения менен көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин" айткан.

"Кайсы бир казак мамлекетин кайра түзүү жагынан алып караганда, бүгүнкү күндө Казакстанда эмне болуп жатканын байкагыла. Ал жакта көз карандысыздык, латын арибине өтүү жөнүндөгү улуттук мифология күчөп жатат. Казакстандын Алматы деген орустардын казак чеби - мурдагы Верный шаары экенин унутушун каалабайм. Аларды Орусиядан алыстоо үчүн жаңы тарых ойлоп таппоого чакырам", – деген Толстой.

Акыркы жылдары Орусиянын мамлекеттик ишмерлери мурдагы советтик өлкөлөргө, анын ичинде Казакстанга карата мындай мазмундагы билдирүүлөрдү байма-бай жасап келишет. Казак бийлиги өлкөгө аймактык дооматтарын айткан же Казакстанда орус улутундагы адамдар басмырланып жатканы жөнүндөгү орус саясатчылары менен медиа адамдарынын билдирүүлөрүнө көбүнчө расмий деңгээлде реакция жасабайт.

2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан кийин Мамдуманын депутаты Сергей Савостьянов "денацификация" жана "демилитаризация" аймагына Балтика өлкөлөрүн, Польшаны, Молдованы жана Казакстанды да кошуу керектигин айткан.

XS
SM
MD
LG