"Устатты шакирти алмаштыргандай эле ким болбосун аны да кимдир-бирөө сөзсүз алмаштырат", – деди Рахмон.
Президент белгилегендей, мындай учурларда көрөгөчсүздүк кылбай, жаштарды колдоо зарыл. "Менин көз карашым боюнча, бардык адистиктерде, өзгөчө илим тармагында устат жана шакирт мектеби уланышы керек. Ар бир ардагер менен тажрыйбалуу окумуштуу өз шакирттеринин алдында бул милдетин аткарышы зарыл", – деди Рахмон.
Президент Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери салыштырмалуу түрдө натыйжалуу иштебей жатканын айтып, бул өлкөнүн илим тармагындагы тынчты алган маселелердин бири экенин белгиледи.
Тажик президенти буга чейин Нооруз майрамынын алдында интеллигенция өкүлдөрү менен жолугуп, өлкөдөгү маанилүү маселелерди көтөрүп келген. Айрым оппозиция өкүлдөрү муну президентти мактоого жана анын жеке маселелерин чечүүгө багытталган өнөктүк деп сынга алышкан.
Белгисиз себептер менен акыркы төрт жылдан бери президент мындай жолугушууларды өткөрбөй калган. Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолку жолугушуунун максаты – "илимди өнүктүрүүнүн учурдагы абалын, келечегин, ошондой эле табигый жана математика илимдерин изилдөө деңгээлин жогорулатуу, техникалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, ойлоп табуучулук жаатындагы демилгелерди колдоо, илимий кадрларды даярдоонун сапаты менен натыйжалуулугун талкуулоо" болуп эсептелет. Кээ бир талдоочулар бул жолугушуу өкмөттүн улуттук маданиятты даңазалоого жана экстремизмге каршы күрөшүүгө багытталган акыркы чечимдерине байланыштуу деп боолголоп жатышат.
Эмомали Рахмон президент катары Тажикстанды 1994-жылдан бери башкарып келет. Бүгүнкү күндө анын балдары жана көптөгөн туугандары мамлекеттик кызматтарда иштеп, бизнес жүргүзүүдө түрдүү артыкчылыктарга ээ.