Тинтүү Нидерланддын ашынган оңчул депутаты Марсель де Графтын жардамчысы Гийом Прадурдун жумуш ордунда жана үйүндө болгон. Ал буга чейин оңчул популисттик "Германия үчүн альтернатива" партиясынын депутаты Максимилиан Кранын жардамчысы болуп иштеген.
Бельгия прокуратурасы Европарламенттин депутаттары Чехияда катталган "Европа үнү" (Voice of Europe) сайтына орусиялык пропаганданы жарыялаганы үчүн акча алган-албагандарын аныктоого аракет кылууда.
Май айынын аягында Чехия менен Евробиримдик бул басылманы Украинанын эгемендигине жана бүтүндүгүнө шек келтирген маалымат өнөктүгүн уюштурду деп айыптап, ага каршы санкцияларды киргизген.