Болжолдуу маалыматтарга ылайык, быйыл 11-апрелде окуу жайдын жогорку классынын окуучулары жатаканадагы бөлмөлөрдүн бирине 8-класстын балдарын чогултуп, сабаган.
Бул окуядан кийин Облустук спорт башкармалыгынын башчысына, спорттук мектептин директоруна жана анын орун басарына "катуу сөгүш" жарыяланган.
"Көп өтпөй эле директордун орун басары өз каалоосу менен иштен кетти. Эркин күрөш боюнча дагы төрт машыктыруучу 1-июнда жумуштан алынат", – деди Актөбө облустук спорт башкармалыгынын буга чейин "катуу сөгүш алган" жетекчиси Евгений Гончаров.
Маркум өспүрүмдүн апасы Зоя Базарбаева катуу сөгүш менен иштен кетирүүнү жеңил жаза деп эсептейт.
"Өз милдеттерине көңүл кош мамиле кылгандар жеңил жаза менен эле кутулуп кетсе, анда спорт мектептеги башаламандык токтобойт. Алардын баары кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек деп эсептейм", – деди Базарбаева.
Ал ур-токмоктон кийин каза болгон Бексултандын эгизи, аталган спорттук мектепте окуган Абубакир Ерсултан бул окуядан кийин бир да жолу сабакка барбаганын кошумчалады.
Полиция аталган спорттук мектептин машыктыруучусуна "Өз милдеттерине абийирсиздик менен мамиле кылуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштаган. Азырынча полиция ал машыктыруучунун аты-жөнүн атай элек.
Бексултан Абубакирдин өлүмүнөн кийин шектүү катары эки өспүрүм камакка алынган. Алардын бири 9-класстын окуучусу болсо, экинчиси мектептин жанындагы коллеждин 21 жаштагы студенти болгон. Экөө тең Бексултан менен бир жатаканада жашачу.