Ссылки доступа

Өзбекстанда КамАЗ айдоочусу Spark машинесин сүзүп, дүкөндүн витринасын талкалады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын Жизак облусунун Зарбдор районунда КамАЗдын айдоочусу мас абалында атайылап Spark үлгүсүндөгү унааны сүзүп, ошол эле маалда дүкөндүн витринасын талкалап салды.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 28-майга караган түнү болгон. Саат 01:20 чамасында дүкөндүн сатуучусу КамАЗдын ээсинин үстүнөн ички иштер органдарына арыз менен кайрылган.

Текшерүү учурунда 26 жаштагы жаран мас абалында жүк ташуучу унаа менен дүкөнгө келип, таанышы менен урушуп, бир сапар бетке чапканы аныкталган.

Ачууланган жаран КамАЗга отуруп, дүкөндө токтоп турган таанышынын унаасын сүзүп, дүкөндүн витринасын да талкалап салган.

Социалдык тармактардагы видеодо жүк ташуучу унаанын айдоочусу унааны курчап турган адамдарды да сүзүүгө аракет кылганын көрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG