Мекеменин маалыматына караганда, аткаминерлер системалуу түрдө бизнес өкүлүнөн жалпы суммасы 40 миллион теңгеден ашык (азыркы курс боюнча 90,5 миң долларга жакын) пара алган деп шектелүүдө.
Былтыр июль айында Коррупцияга каршы кызмат Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы кызматынын төрагасына, Чымкент шаарынын жана Жетису облусунун өзгөчө кырдаалдар департаменттеринин жетекчилерине карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулганын билдирген.
Коррупцияга каршы кызмат кылмыш ишин Акмоло гарнизонунун аскер соту карап жатканын, "тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн" башка маалыматтарды таратууга болбой турганын кабарлады.
Transparency International уюмунун 2023-жылдагы коррупцияны кабыл алуу индексинде Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 93-орунга ээ болгон.