Ссылки доступа

Соцтүйүн колдонуучулары: "Путиндин сапары Өзбекстанга абийир алып келбейт"


Өзбекстандык соцтүйүн колдонуучулары Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ташкентке сапарын негизинен терс кабыл алууда.

""Түндүктөн" меймандын келишин сапар эмес, а кемсинтүү деп атагым келет. Анткени бул сапар бизге эч кандай абийир алып келбейт", – деп жазды жергиликтүү дин таануучу Мубашшир Ахмед.

Путиндин сапарынын алдында Ташкент шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү кабарланган. Ички иштер министрлигине караштуу Жол эрежелеринин коопсуздугун сактоо кызматы айдоочуларды 26-27-май күндөрү борборго келбей турууга чакырган.

"Мындай чараларды биринчи жолу көрүп жатам. Сөз жок", – деп жазды журналист Мухрим Аъзамходжаев.

Ал арада блогер жана юрист Зафарбек Солижонов Өзбекстан үчүн Москва менен жакындашуу пайдалуу деп эсептей турганын жазды. "Интернетте Путинди сөгүп жатышат. Туура кылып жатышат. Ал өзү жана айланасындагылар өзбек элинин согушка карата реакциясын билиши керек. Бирок мен буга мамлекеттик аткаминерлер аралашып, жөн жерден дипломатиялык чатактын чыгып кетишин каалабайм. Санкциялардан улам ресурстарды издеп жаткандардын акчасын кандай жол менен болсо да алганыбыз жакшы болот", – деп жазды блогер.

Адатта Өзбекстандын Орусияга жакындоосун жактагандар бул өлкөдө бир нече миллион өзбек мигранты иштеп, акча таап жатышканын жүйө келтиришет. Бирок талдоочу Анвар Назир өзбек мигранттары үчүн Орусияда перспектива жок деп эсептейт.

"Өлкөбүздүн Орусия менен болгон бардык мамилелери дээрлик аяктады десек болот. Орус өкмөтү эмгек ресурсуна муктаждык бар экенине карабастан, мигранттарды орус экономикасынын түрдүү тармактарынан сүрүп чыгарууда. Орусия менен өнөр жай кооперациясы мүмкүн эмес, анткени орус өнөр жайы толугу менен согуштук жолго түштү. Тагыраагы, Өзбекстан курал-жарак өндүрүшүнөн эч кандай пайда көрбөйт", – деди Назир.

Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанда мамлекеттик сапар менен 26-27-май күндөрү, инаугурациясынан эки апта өткөндөн кийин болду. Бул анын кезектеги мөөнөткө президент болуп шайлангандан кийинки үчүнчү эл аралык сапары болду. Орус лидери ага чейин Кытайга жана Беларуска барган.

Эл аралык байкоочулардын пикиринде, Украинага кол салгандан кийин Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылган Москва үчүн Өзбекстан Орусияга санкциялык товарларды экспорттогон негизги өлкөлөрдүн бирине айланды.

Бүгүнкү күндө Владимир Путин ээн-эркин бара ала турган өлкөлөрдүн тизмеси анча көп эмес. Анткени былтыр мартта Гаагадагы эл аралык сот орус президентин камакка алууга ордер берген. Андан бери Путин Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялаган өлкөлөргө бара элек.

Өзбекстан бул статутту ратификация кылган эмес.

XS
SM
MD
LG