Ссылки доступа

Тажикстандын Коргоо министрлиги жазгы аскерге чакыруу планы 100% аткарылганын билдирди


Тажикстанда жазгы аскерге чакыруу планы мөөнөтүнөн мурда 100 пайызга аткарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Фаридун Махмадализода билдирди.

Анын айтымында, быйыл аскердик комиссариаттарга өз каалоосу менен барган жаштар, анын ичинде жогорку окуу жайлардын студенттери кыйла көп болду.

Тажикстанда жыл сайын жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү 1-апрелде башталып, 31-майга чейин созулат. Басма сөз катчы белгилегендей, план аткарылганына карабастан, аскерге чакыруу комиссиялары 31-майга чейин жарандардын өнөктүккө байланышкан кайрылууларын кароону уланта беришет.

Тажикстандын "Аскердик кызмат жөнүндө" мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми мамлекеттик жана укук коргоо органдарында армияда кызмат өтөгөн гана адамдар иштей алышат.

Тажикстанда армияга чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болуп, 18 жаштан 27 жашка чейинки жарандар аскерге чакырылат. Жыл сайын аскерге чакыруу өнөктүгү башталганда жаштарды көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурлар тартылган көптөгөн видеолор тарайт. Мындан тышкары ЖМКлар менен соцтүйүндөргө армиядагы чоңсунуу, өкүмзордук жана уставдан тыш мамиледен улам көз жумган жоокерлер тууралуу макалалар да чыгып турат.

XS
SM
MD
LG