Сот жообуна 2004-жылы туулган Берик Бейбарыс менен 2005-жылы туулган Таскын Толепберген тартылууда. Аларга "Опузалап акча талап кылуу" жана "Киши өлтүрүү" беренелери боюнча айып тагылган.
Сот биринчи соттолуучуну бул айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, 16 жылга эркинен ажыратты. Экинчиси негизги айыптар боюнча акталып, бирок кылмыш жөнүндө кабарлабаганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Сот аны үч жылга эркинен ажыратты. Буга чейин биринчи инстанциядагы сот ага шарттуу түрдө өкүм чыгарган. Буга маркум Аружан Орынбайдын жакындары макул болгон эмес.
Бейбарыс бул кылмышка ошол кезде 18ге чыга элек Толепбергенди азгырган деп да айыпталган. Сот аны бул берене боюнча актады.
Маркумдун апасы Динара Зилгараева апелляциялык соттун өкүмүнө макул экенин билдирди. Сот жабырлануучу Зилгараеванын жарандык доосун жарым-жартылай канааттандырып, Берик Бейбарысты моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 18 миллион теңге төлөп берүүгө милдеттендирди.
Иш апелляциялык инстанцияда төрт айга жакын каралып, соттун чечими 21-майда жарыяланды. Прокурор Берик Бейбарысты 20 жылга, Таскын Толепбергенди 8 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.
Ордабасы районуна караштуу Төрткүл айылындагы мектептин 9-классынын окуучусу Аружан Орынбайдын сөөгү былтыр апрель айында табылган. Кызга эки жолу бычак сайылып, андан соң каналга ыргытылганы аныкталган. Шектүү катары Бейбарыс Берик менен 10-класстын окуучусу, Таскын айылынын мурдагы акиминин баласы Таскын Төлөпберген кармалган.
Маалыматка караганда, шектүү окуучу кыздын жылаңач сүрөтүн соцтармактарга жарыялай турганын айтып коркутуп, андан миллион теңге талап кылып, андан соң өлтүрүп, сөөгүн сууга ыргытып жиберген.