Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Казакстандан Өзбекстанга келе жаткан жүргүнчү ташуучу автобусту текшерүү учурунда анын камдыктагы дөңгөлөгүнүн ичинен 59 килограмм зер буюмдары табылган.
Укук коргоо органдары аткез товардын жалпы суммасын 1,7 миллиард сумга (133 миң доллар) баалашты.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары башталды.
Бажы комитетинен белгилешкендей, мыйзамга ылайык, жеке адамдар бажы төлөмдөрүсүз чек арадан жалпы салмагы 65 граммдан ашпаган көлөмдө гана зер буюмдарын, баалуу металлдарды жана таштарды алып өтө алышат.