Ссылки доступа

Казакстанда журналист Думан Мухаммедкаримдин иши боюнча сот жанданды


Алматы облусундагы Конаев шаардык сотунда журналист Думан Мухаммедкаримдин иши боюнча сот процесси жанданды. Ал "экстремизмди каржылоо" жана "тыюу салынган уюмдун ишине катышуу" айыптары менен былтыр июнь айынан бери камакта отурат.

Журналист тергөө абагында катаал мамилеге кабылганына даттангандан кийин текшерүү дайындалып, февралда анын ишин кароо убактылуу токтотулган. Адвокат Галым Нурпеисов "кыйноо боюнча" иш "далилдердин жоктугунан улам" токтотулганын билдирип, бул боюнча жакынкы күндөрү арыз менен кайрыла турганын кошумчалады.

Сот процесси кайра жанданган 22-майда Конаев сотунун алдына Мухаммедкаримдин ондогон тарапташы чогулуп, отурумдарды ачык өткөрүүнү жана журналистти камактан чыгарууну талап кылышты.

Бирок отурумда Мухаммедкаримдин сотун жабык режимде улантуу чечими кабыл алынып, сот залына анын адвокаттары менен ата-энеси гана киргизилди.

Думан Мухаммедкарим Талдыкоргон шаарындагы тергөө абагынан Конаев же Алматы шаарларындагы тергөө абагына которууну талап кылып, 10-апрелде ачкачылык жарыялаган. Журналист бул талабы аткарылбагандан кийин ачкачылык акциясын токтоткону кабарланган.

46 жаштагы журналист, жарандык активист жана Ne Deydi YouTube-каналынын автору Думан Мухамметкаримдин иши боюнча сот процесси быйыл 12-февралда башталган. Ага "Тыюу салынган уюмдун ишине аралашуу" жана "Экстремизмди каржылоо" беренелери боюнча айып тагылган. Буга журналисттин бозгундагы банкир Мухтар Аблязовдон алган маеги себеп болгон. Адвокаттын айтымында, видеодо Аблязовдун адвокаты үчүн акча топтолуп жаткан эсептер көрсөтүлгөн.

Мухаммедкарим айыптоолорду четке кагып, тергөөнүн жана соттун жүрүшүндө укуктары бузулганын билдирип келет. Казакстандык укук коргоочулар аны өздөрү түзгөн "саясий туткундардын" тизмесине киргизишкен. Эгер журналист тагылган айыптар боюнча күнөөлүү деп табылса тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG