20-майда Бимырзаев башкарган унаа Атырау шаарындагы Привокзальный кичи районунда "фарасы өчүк, дөңгөлөгүнүн жели чыккан" деп токтотулган. Ошол эле күнү активист мас абалында медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартканы үчүн айыпталып, 15 суткага административдик камакка алынган.
Соттун аныктамасында соттолуучунун күнөөсү аныкталганы, ал экспертизадан өтүүдөн баш тартканы айтылат.
Бимырзаев айыптоолорду четке кагууда.
Активист ички иштер органдарынын аракеттеринен тартып сотко чейинки бардык жараян адвокатсыз өткөнүн билдирүүдө. Бимырзаев жактоочу сураган.
Күлсары шаарынын тургундары Канат Бимырзаевди бошотууну талап кылышты.
Атырау облустук полиция департаментинин басма сөз кызматы Бимырзаевдин кармалышы Күлсарыдагы нааразылык акциясына тиешеси жок экенин билдирди. Жылыой районунун административдик борбору Кулсарыда селден жабыркаган тургундар бийликтен жараксыз абалга кептелген турак жайларынын бир чарчы метрине 400 миң теңгеден кун төлөп берүүнү талап кылууда.
Бимырзаев апрель айында бийлик селге каршы жакшы чара көрбөгөнүн сынга алган. Ал кенемтенин көлөмүн аныктоодо баалардын көтөрүлүп жатканын эске алууну сунуштаган. Активист ошондой эле жабырлануучулар кенемтени өз колдоруна алышы керектигин жана үй курууда жабыркагандарга кошумча жардам көрсөтүү зарылдыгын айткан.
5-апрелде Күлсарыны суу каптаган. Бийлик суу ташкынынан улам тургундарды жапырт эвакуациялоону жарыялаган. Атырау облусунун бийлиги жалпысынан 2727 арыз түшкөнүн, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында миңге жакын үй кооптуу деп табылганын билдирген. Зыянды баалоо ушул жуманын аягына чейин бүтөрү күтүлүүдө.