Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу кызматкерлерге сый акыны башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу дайындаган.
Маалыматты “Азаттыктын” казак кызматына Ички мамлекеттик аудит департаментинен тастыкташты. Бөлүм бонустарды төлөөдө мыйзам бузууларды тапкан эмес.
2023-жылы Чымкент шаарынын Туризм, тышкы байланыштар жана креативдүү индустрия бөлүмүнүн бюджети 338,8 млн теңгени түзсө, анын 281 миллиондон ашыгы сарпталып, 110 миллионго жакыны үнөмдөлгөн.
Пайдаланылбай калган 58 миллион теңгеге жакын каражат мамлекетке кайтарылган. Калган каражаттардын 34 миллион тенгеден ашыгы жетекчилик курамга, 14 миллион теңгеден ашыгы техникалык кызматкерлерге сый акы жана материалдык жардам иретинде которулган.