25-апрелде Сенаттын депутаттары аталган келишимди ратификациялаган.
Тиешелүү келишимге эки мамлекеттин башчылары 2022-жылдын 22-декабрында Ташкентте кол коюшкан.
Документ саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү, жарандык коргонуу жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле эл аралык аренада өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган.
Жобого ылайык, келишимге кол койгон тараптар эки мамлекеттин парламенттеринин, саясий партияларынын жана коомдук уюмдарынын ортосундагы байланыштарды чыңдоого көмөктөшөт. Ошондой эле тышкы саясат, коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндө, анын ичинде эл аралык терроризмге, диний экстремизмге жана сепаратизмге, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, киберкылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга, адам сатууга, мыйзамсыз соодалоого каршы аракеттенүү маселелеринде тыгыз кызматташууну карайт.
Мурда маалымдалгандай, келишимде үчүнчү мамлекеттерден куралдуу кол салуу коркунучу жаралса, Астана менен Ташкент чара көрүү үчүн тез арада бири-бири менен тийиштүү кеңешмелерди өткөрүшү керектиги айтылат. Айрым эксперттер бул документти Орусиянын кошуна Украинага аскерий баскынчылыгына реакция катары баалашкан.