Ссылки доступа

ИИМ: 18-майда чет элдиктерди сабоого шектелген жаран кармалды


"Жапырт башаламандык" жана "Бейбаштык" беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында чет элдиктерди сабоого шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Маалыматка караганда, ал адамдарды чет өлкөлүктөр жашаган жерлерге ташыган.

"2024-жылдын 18-майынан тарта социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандар сабалган видеотасма тарай баштаган. Видеодо 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү саргыч боз кийимчен белгисиз жигит чет өлкөлүк жарандарды сабап жатканы чагылдырылган. Алынган маалыматтар боюнча, аталган факты 18-майда таңында болгон. Азиат түспөлүндөгү белгисиз төрт адам "Дордой" базарына жакын жайгашкан үйгө кирип, чет өлкөлүк жарандардын денесине залал келтирип, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен", - деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Аталган окуя болгон жерге жакын жайгашкан видеобайкоо камераларындагы жазуулар кол салган төрт адам ал жерге кара түстөгү "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү унаа менен 18-майда таңкы саат төрттө барганын аныктаган.

Аталган унаанын рулунда Ысык-Көл районунун тургуну, 23 жаштагы жаран экени белгилүү болуп, кармалды. Ал Бишкек шаарында жашап, эмерек жасоочу цехте иштеп жаткан.

Кармалган жаран Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

18-майга караган түнү болгон тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Бул окуядан кийин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык мекенине кетти.

XS
SM
MD
LG