Ссылки доступа

Казакстанда ондогон мунайчы аларды иштен алуу чечимин жокко чыгарууну талап кылууда


"Жалгизтобемунай" мунай компаниясынын ондогон жумушчусу 15-майдан бери Маңгыстау облусундагы Жалгизтобе кенинин кире беришинде нааразылык билдирип турушат. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы ишкана жумушчуларынын бирине таянып кабарлады.

Анын айтымында, эки вахталык нөөмөттүн 40 жумушчусу нааразылык билдирип чыгышты. Буга чейин алар өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевге, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өнөр жай коопсуздугу комитетинин Маңгыстау облустук департаментинин башчысына, облус прокуроруна жана эмгек инспекциясынын башкармалыгынын жетекчилигине видеокайрылуу жасашкан.

Жумушчулардын айтымында, ишкананын жетекчилиги аларды 15-майда мыйзамсыз жумуштан кетирген. Чогулгандар жетекчиликтин бул чечимин жокко чыгарууну жана аларга жумуш орундарына кайтууга уруксат берүүнү талап кылып жатышат. Мындан тышкары алар жамааттык келишимди талкуулап, кабыл алууну, ошондой эле көзөмөл органдарынын текшерүү жүргүзүшүн талап кылышты. Жумушчулар талаптары аткарылмайынча тарабай тургандыктарын билдирүүдө.

2023-жылы декабрда ишкана жумушчулары өнөр жай коопсуздугу боюнча милдеттүү окуудан өтүп, сертификация учурунда талап кылынган упайларды топтой албай калышкан. Мындан соң алар бир нече жолу жетекчиликтен окуу борборун алмаштырууну талап кылышкан. Бирок бул талап аткарылбагандан кийин жумушчулар башка борборлордо окуудан өтүп, сертификация боюнча тиешелүү документтерди алгандан кийин иштерин улантышкан.

"Алгач бизди Атыраудагы компания окуткан. Андагы окуунун сапаты бизди канааттандырбагандыктан, ишкана жетекчилигинен окуу борборун алмаштырууну талап кылганбыз. Бирок бул талабыбыз аткарылган эмес. Жумушка чыгуу керек болгондуктан, биз тиешелүү лицензиялары бар башка борборлордо өз алдынча окуудан өтүп, керектүү тастыктаманы алганбыз. Акыркы беш айдан бери ошол документтин негизинде иштеп жүргөнбүз. Бирок 15-майда ал кагаздар жарабай турганын билдирип, бизди жумуштан кетиришти. Ошондон бери бул жерде топтолуп турабыз", – деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген жумушчулардын бири.

Бул сөздөрдү жалпы жамааттын атынан айтып жатканын белгилеген жумушчу жетекчилик алардан кайрадан сынак тапшырууну талап кылып жатканын кошумчалады.

"Биз кайрадан сынак тапшырышыбыз керектигин айтып жатышат. Бирок бизди кайра эле кулатып коюшарын билебиз да. Биз буга макул эмес экенибизди айттып, быйыл колубуздагы документтер менен иштеп, кийинки жылы кесиптик кошуундун макулдугу менен жаңы окуу борборун аныктап, ошол жерден окуудан өтүүнү сунуштадык. Бирок буга макул болбой жатышат", – деди жумушчу.

Чогулган жумушчулар 20-майда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Актау шаарына беш өкүлүн жөнөткөнү кабарланды. Азырынча жолугушуунун жыйынтыгы белгисиз.

Жумушчулар белгилегендей, иштен негизинен 2021-жылы социалдык абалдарын жакшыртуу талабы менен өткөн нааразылык акциясында активдүү болгондор четтетилүүдө.

"Азаттыктын" казак кызматы бул боюнча компаниянын өкүлдөрүнөн комментарий ала алган эмес.

Жумушчулардын айтымында, Жалгизтобе кенинде 120га жакын киши иштейт. Бузачи жарым аралынын түндүк-батышындагы кен облус борбору Актау шаарынан 240 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бирок административдик жактан ал Маңгыстау облусунун Тупкараган районуна карайт.

XS
SM
MD
LG