Тергөөнүн жүрүшүндө бала Чункаймыш айылынын "Омондара" маалесиндеги дөңсөөдө жайгашкан үйлөрдүн бирине 150-170 сантиметрлик бийиктикте тартылган электр зымын кармап алганы аныкталган. Ал дароо ошол жерде мүрт кеткен.
Бул кырсыкка байланыштуу "Аймактык электр түйүндөрү" ишканасынын Самарканд облустук өкүлчүлүнө карата текшерүү дайындалды.
Нурабад райондук прокуратурасы окуя боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштерин баштады. Балдар акыйкатчысы ишти өз көзөмөлүнө алганы кабарланды.