Ссылки доступа

Ооганстандагы туристтерди аткылоо үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды


"Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобу Ооганстандын Бамиан провинциясындагы туристтерди аткылоо үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

17-майдагы кол салуунун жыйынтыгында үч испаниялык турист каза болуп, дагы бири жаракат алган. Бул маалыматты Испаниянын Тышкы иштер министрлиги ырастаган.

Ооганстандагы талибдер түзгөн өкмөттүн тышкы иштер министри Абдул Матин Кани туристтер аткылангандан кийин төрт киши кармалганын билдирди. Анын айтымында, бул кол салууда чет өлкөлүк үч туристтен тышкары бир ооган жараны да каза болгон, ошондой эле төрт чет өлкөлүк жаран жана бир ооганстандык жараат алган.

Кол салуу болгон Бамиан шаары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизсиндеги объект болуп эсептелет. Ал туристтерди Бамиана сепили жана Будданын айкели менен өзүнө тартып турат. Бул объектилерди талибдер 2001-жылы жардырып жиберишкен.

2021-жылы Ооганстандагы бийликти кайра басып алгандан кийин "Талибан" кыймылы коопсуздукту камсыз кылып, өлкөгө туристтердин келиши үчүн шарттар түзүлөрүн билдирген. Анда Будданын скульптуралык урандылары жаткан жерге кирүүнү каалагандарга билеттер сатылары айтылган.

Бул жолку туристтерге кол салуу – 2021-жылы өлкөдөн чет өлкөлүк аскерлер чыгып кеткенден берки эң олуттуусу болуп калды.

XS
SM
MD
LG