Ссылки доступа

Селден улам Атырау – Орол жолунун бир бөлүгү жабылды


Атырау-Орол республикалык унаа жолунун бир нече бөлүгүн сел каптоо коркунучунан улам унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу "КазАвтоЖол" улуттук компаниясы билдирди.

Тактап айтканда, Махамбет жана Индер айылдарынын ортосундагы аймакта жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди. Индер жана Батыш Казакстан облусунун чек арасына чейин унаалардын бардык түрлөрүнүн жүрүшүнө тыюу салынды.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча жергиликтүү штабдан билдиришкендей, республикалык маанидеги Атырау – Орол унаа жолунун 71-чакырымын суу каптады.

Штаб кырдаал туруктуу экенин, калктуу конуштарга коркунуч жоктугун кабарлады.

Соңку апталарда Атырау облусунда суунун деңгээли көтөрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG