Полициянын чакыруусунда 17чи жана 21-май күндөрү полицияга барышы керектиги жазылган. Активист бул кагаздарды таштап кеткен кызматкер менен болгон сүйлөшүүсүн видеого тартып, "Фейсбук" баракчасына жарыялады. Анда полиция кызматкери активисттин суракка чакырылышына анын соцтүйүндөргө бозгундагы оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовго байланыштуу билдирүү жазганы себеп болгонун айткан.
Кабиева кайсы иш боюнча чакырылып жатканын билүүгө аракет кылган, бирок кызматкер полицияга барса баарын айтып беришерин билдирген.
Активист аны жигердүү жарандык көз карашы, саясий туткундарды жана оппозициялык "Алга, Казакстан!" партиясын түзүүгө ниеттенген активисттерди колдогону үчүн куугунтуктап жатышат деп эсептейт. Анын айтымында, полиция буга чейин да Аблязов жөнүндө суроолорду берип тынчын алышкан.
Казакстанда жарандар социалдык түйүндөргө билдирүүлөрдү жазгандан же "лайк" койгондон кийин полицияга чакырылган же камакка алынган учурлар сейрек көрүнүш эмес. Freedom House уюму өз баяндамаларында Казакстанды "интернети эркин эмес" өлкөлөрдүн катарына кошуп келет. 2019-жылы укук коргоочулар Казакстанда интернет "катуу көзөмөлдө экенин, жарандар өз пикирин билдиргени же "лайк" коюп, билдирүү менен бөлүшкөнү үчүн эле жоопко тартыларын" белгилешкен. Астана өлкөдө цензура жана саясий куугунтук жок экенин айтып келет.