Ал 2018-жылы опузалоо жана алдамчылык боюнча шектелип издөөгө алынган.
OCCRP'нин документтерине ылайык, Алишер Кадыровдун "Марина Плазада" төрт кеңсеси бар. Ар бири 1,9 миллион доллардан 2,1 миллион долларга чейин бааланат.
2018-жылы Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Алишер Кадыровго издөө салган.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин өзгөчө ири өлчөмдөгү пара талап кылуу жана алдамчылык беренелеринде каралган кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жыл башкарган Рашижон Кадыров 2018-жылдын 22-февралында кармалып, 2019-жылдын 26-июнунда Ташкент шаардык соту тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылган. Кадыров пара алуу, пара алууга ортомчулук кылуу, алдамчылык, салык төлөөдөн качуу жана арам акчаны адалдоо боюнча күнөөлүү деп табылган.
OCCRP уюмунун Dubai Unlocked долбоору Дубайдагы Global элиталык кыймылсыз мүлкүнүн ээлери тууралуу айтып берет. Дүйнөдөгү 70тен ашуун өлкөнүн журналисттери Дубайдагы миңдеген мүлктөр боюнча ачыкка чыккан маалыматтарды талдап чыгышкан. Документтер биринчи кезекте 2020-жана 2022-жылдагы келишимдерге тиешелүү.