My_city_astana инстаграм-баракчасына жарыяланган видеодо Сыздыковду көп кабаттуу үйдүн короосунда камуфляж кийген адамдар (биринин артында "спецназ" деген жазуу бар) колтуктап алып барып, эч кандай атайын белгиси жок кичи автобуска отургузуп жатканын көрүүгө болот.
Айгүл Токпаеванын айтымында, Сыздыков мыйзамсыз куугунтукталууда.
"Айдар Сыздыковду эч кандай далилсиз алып кетип жатышат. Андан эч нерсе табышкан жок. Аны кармоого эч кандай негиз жок болчу. Бул саясий куугунтук, кысым көрсөтүү", – деди Токпаева видеодо.
Тасмадан ошондой эле штаттык кийинген полиция кызматкерлерин жана полициянын автоунаасын да көрүүгө болот.
Токпаеванын айтымында, мунун алдында полициячылар анын видеого тартып жаткан телефонун тартып алып, кийин кайра кайтарып беришкен.
Ага чейин Айгүл Токпаева социалдык түйүндөргө Сыздыковду эртең мененки саат 9:15те кармап кетишкенин жазган. Ал телефон аркылуу күйөөсү менен байланыша албагандыктан, Байконыр райондук полиция бөлүмүнө барган. Ал жерде жүргөндө коңшуларынын тайпасынан Пушкин көчөсү 25/3 дарегинде тинтүү жүрүп жатканын, "бир жигит кармалып, тергөөчүлөр күбөлөрдү издеп жатышканын" уккан.
Токпаева батирде эч ким болбогонун, ал уулу менен полиция бөлүмүндө жүргөнүн айтууда. Интернетке жарыяланган видеодон көп кабаттуу үйдүн короосунда формачан полиция кызматкерлери жана жарандык кийим кийип, көз айнек жана беткап тагынган белгисиз адамдар жүргөнүн көрүүгө болот.
"Батирде тинтүү жүрүүдө. Алар жашыруун түрдө бир нерсе таштап кетели деп жатышат", – деп билдирди Токпаева кадр сыртында. Анын бул сөздөрүнөн кийин тасмада сүрөттөлүш жоголуп, телефонун кайтарып берүүнү талап кылып жаткан аялдын үнү угулат. Ошол эле маалда кадр сыртында эркек адамдардын үнү чыгып, алардын бири: "Видеого тартпаңыз. Биз Маңзат кылмышына каршы күрөшүү башкармалыгынанбыз", – деген.
Астана шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматынан Айдар Сыздыковдун кармалганы боюнча "кийинчерээк" маалымат берилерин билдиришти.
Сыздыков оппозициялык "Алга, Казакстан!" партиясын түзүү боюнча демилгелүү топтун мүчөсү. Буга чейин ал тарапташтары менен бирге партияны каттоодон өткөрүү үчүн топтолгон документтерди Юстиция министрлигине алып барган. Министрлик 2022-жылдын май айынан бери 20дан ашык жолу партияны каттоодон өткөрүүдөн баш тарткан. Катталбаган партиянын жетекчиси, белгилүү марафончу Марат Жыланбаев эки жылга жакын убакыттан бери камакта отурат. Өткөн жылы ноябрда жабык өткөн сот отурумунда ал "экстремисттик" айыптар менен жети жылга эркинен ажыратылган. Анын тарапташтары Жыланбаевдин камалышын саясий куугунтук деп атап келишет.
Айдар Сыздыков буга чейин оппозиция жарыялаган митингдердин алдында бир нече жолу кармалып, 15 суткадан административдик камакка алынган.