Ссылки доступа

Казакстандын Конституциялык соту жоолук маселеси боюнча арызды кароодон баш тартты


Казакстандын Конституциялык соту билим берүү министринин "Милдеттүү мектеп формасына карата талаптарды бекитүү жөнүндө" буйругун "Баш мыйзамга каршы келет" деп таануу тууралуу арызды кароодон баш тартты.

Министрдин буйругун "Конституцияга каршы" деп табуу жөнүндөгү арыз Конституциялык сотко Караганды облусунун адистештирилген административдик сотунун сунушу менен келип түшкөн. Ал жерде ушул тапта жоолуктун айынан сабакка кирбей калган окуучу кыздардын ата-энелеринин доо арыздары каралууда. Ата-энелер билим берүү мекемелеринин аракеттерин мыйзамсыз деп табууну талап кылууда. Арыз Конституциялык сотко берилген учурда ата-энелердин административдик доо арыздарын кароо убактылуу токтотулган.

Адистештирилген райондор аралык административдик сот жоолукту "аялдардын баш кийими" деп эсептейт жана сот билим берүү министринин буйругунда Конституцияда бекемделген бир катар нормаларды бузуунун белгилери бар деген пикирде.

Конституциялык сот бул маселени кароо башка соттордун жана мамлекеттик органдардын компетенциясына кирет деп эсептейт. Конституциялык сот бул өтүнүчтү кароодон баш тартууда административдик сот "буйрук чыгарган мамлекеттик органдын жайгашкан жерин жана анын жарыяланган булагын көрсөткөн эмес" деп да белгилеген.

Коңшу өлкөдө соңку жылдары орто мектептердин окуучуларынын жоолук салынышына байланыштуу талаш-тартыштар чыгып келет. Жыл сайын жаңы окуу жылынын башталышы менен окуучулардын ата-энелери жана мектеп жетекчилигинин ортосунда хижаб кийүү боюнча чыр-чатактар орун алат.

Казак бийлиги мамлекет байистүү экенин жүйө келтирип, бирдиктүү мектеп формасын талап кылса, ата-энелер жоолук окуу процессине тоскоол эмес деп, балдарынын билим алуу укугу бузулуп жатканын айтып келет.

XS
SM
MD
LG