Ссылки доступа

Анжиянда мектеп директорунун орун басары кыздарга асылууга шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Укук коргоо органдары Анжияндагы мектептердин биринин директорунун орун басары 6-класстын окуучуларына дайыма асылып жүргөн болушу мүмкүн деген маалыматты текшерип жатат.

Окуучу кыздардын ата-энелери Kun.uz сайтына байланышып, директордун окуу иштери боюнча орун басары «эки-үч кызды сабактан кийин, кээ бир учурларда сабак учурунда иш бөлмөсүнө алып барып турган» деп билдиришкен.

Мектеп жетекчилиги окуучулардын апаларын чакырып, маалыматты ачыкка чыгаруу мекеменин аброюна шек келтирерин жүйө келтирген. Жетекчилик директордун орун басары «андай адам эмес экенин, мандем кыздардын өзүндө болушу мүмкүн экенин» айткан.

Ата-энелер балдарын бир нече күн мектепке жөнөтүшкөн эмес. 10-майда алар облустук мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгына кайрылып, директордун орун басарын кызматтан алуу боюнча арызга кол коюшкан.

Маалыматка караганда, директордун орун басары өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган, бирок ал эмгек өргүүгө кеткендигине байланыштуу арыз кабыл алынган эмес.

Азыр Анжиян шаардык ички иштер бөлүмү тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Балдар акыйкатчысы кырдаалды көзөмөлгө алды.

XS
SM
MD
LG