Ссылки доступа

Алматы соту феминист активисттерге айып пул салды


Алматынын соту  Feminita тобунун тең негиздөөчүсү Гүлзада Сержан менен активист Гүлбакыт Отебайдын ар бирине 50 айлык эсептик көрсөткүч (184 600 теңге) өлчөмүндө айып пул салды. Аларга “уруксатсыз жыйын уюштурган” деген айып тагылган.

Активисттер аларга коюлган айыптарды четке кагышты. Гүлмира Сержан акцияга катышканын, бирок уюштуруучусу эмес экенин түшүндүрдү. Протоколдо айтылгандай, ал "иш-чараны активдүү уюштурган". Соттук отурумда Гүлбакыт Утебаева акцияны өзү уюштурбаганын, бирок шаардын кайсы жеринде өтсө дагы деле чыга турганын айтты.

Feminita өкүлдөрү протокол түзгөн полициячылар алардын жолугушууну уюштурганын далилдей электигин билдиришти.

Фем-активисттер акцияны дүйшөмбү күнү мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевге өкүм чыккандан кийин акция өткөрүшкөн. Алар мурдагы аткаминердин өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG