Ссылки доступа

Астана Аблязовдун шериги өлкөгө кайтканын кабарлады


15-майда БТА банктан акча уурдоого шектелген Алексей Богданов Бельгиянын борборунан Алматыга келди. Бул тууралуу Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы билдирди. Тергөө Богдановду "Мухтар Аблязовдун шериги" катары тааныйт.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Богданов офшордук Metropolitan Managers Corp (BVI) компаниясынын номиналдык өкүлү, Беловодский крахмал заводунун төрагасы жана "Маис Агро" компаниясынын адиси катары БТА банктан 300 миллион теңгеден ашык каражат кымырууга шектелүүдө.

Маалыматка караганда, шектүү өз ыктыяры менен кайтып келип, тергөө менен кызматташып жатат. Учурда шектүүгө байланыштуу иликтөө иштери жүрүп жатат.

2017-жылы Алматы соту БТА банктын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Мухтар Аблязовду банктын акчасын уурдаган жана мыйзамсыз колдонгон деген айып менен сыртынан 20 жылга эркинен ажыраткан. Чет өлкөдө жашаган Аблязов өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. Өз кезегинде ал казак бийлигин ошол кездеги өлкөнүн эң ири коммерциялык банкы болгон БТА банкты тартып алууга айыптап келет.

XS
SM
MD
LG