Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирип, мындай чаралар чет өлкөлүк студенттердин катышуусунда жол кырсыктарынын көбөйгөнүнө байланыштуу жана алар аралашкан кылмыштардын алдын алуу жана аныктоо үчүн жасалып жатканын кошумчалады.
12-апрелден бери Бишкек милициясынын Мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракеттенүү кызматы ар кайсы тармактарда иштеген чет өлкөлүк жарандарды текшерип, Кыргызстандын аймагында жашоо же иштөө эрежелерин бузгандарга жалпы 1 млн 248 миң 500 сом айып салган.
ИИМ 2024-жылдын үч айында Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча 59 факты аныкталып, бардык топтолгон материалдар сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Бул убакыт ичинде өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузгандарга 19 млн 97 миң сом айып пул салынган.