Ссылки доступа

Дубайда өзбекстандык жүргүнчү учакта чыр чыгарды


Полиция Дубайдан Ташкентке учуп келе жаткан эки аялды кармады. Алар Uzbekistan Airways компаниясынын учагында чыр чыгарышкан. Бул тууралуу өлкөнүн Транспорт жана туризм объектилеринин коопсуздугун камсыздоо департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 16-апрелде учак учар алдында болгон. Аба ырайынын терс жагдайларына байланыштуу каттам кармалып калган. Жүргүнчүлөрдүн бирине бул жакпай, учактан түшүрүүнү талап кылып, ызы-чуу салган.

Экипаж мүчөлөрү жана башка жүргүнчүлөр аялды тынчтандырууга аракет кылышкан. Жыйынтыгында жаңжал эки аялдын мушташына чейин жеткен.

Полиция экөөнү тең каттамдан чыгарып, учак дагы эки саатка кармалууга аргасыз болгон. Бул окуядан улам Uzbekistan Airways 5 миң доллардан ашык зыян тарткан.

Департамент бул иш боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, келтирилген зыяндын суммасы толугу менен өндүрүлүп, административдик укук бузуулар боюнча протоколдор сотко жөнөтүлгөнүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG