Ссылки доступа

Казакстанда "Атамекен" ишкерлер палатасынын мурдагы башчысы беш жылга соттолду


Астана шаардык соту "Атамекен" Улуттук ишкерлер палатасынын мурдагы башчысы Абылай Мырзахметовду өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык жасаган деген айып менен беш жылга эркинен ажыратты.  Бул тууралуу 13-майда Астана сотунун басма сөз кызматы билдирди.

"Абылай Мырзахметов 2022-жылдын май айынан октябрь айына чейин жогорку даражалуу адамдары аркылуу Талгат Боранбаев аттуу ишкерден сыйакы үчүн агасын бошотуу жана ага тиешелүү сотко чейинки ишти чечүү мүмкүндүгү бар экенин айтып, ишенимине кирип, алдап, ишкердин 13.9 млрд теңге акчасын кымырып алган", - деп жазылган соттун маалыматында.

Тергөө Мырзахметов ишкер Кайрат Боранбаевдин бир тууганы делген ишкер Талгат Боранбаевдин акчасын уурдаган деп ырастоодо.

Мырзахметовдун соту жабык өттү. Сотто ал күнөөсүн мойнуна алып, "адилет жаза берүүнү" өтүнгөн. Мырзахметовдун күнөөсү соттолуучу менен күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, насыялык келишимдер жана кылмыш ишинин башка материалдары менен далилденгени кабарланды.

Азырынча сот өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Абылай Мырзахметов 2013-жылдан 2022-жылдын февралына чейин "Атамекен" Улуттук ишкерлер палатасын жетектеген. "КазТАГ" агенттигинин маалыматына ылайык, 2003-жылдын май айында мурдагы транспорт министри Абылай Мырзахметов мамлекеттик мүлктү уурдоону уюштурган деген айып менен беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Көптөр анда ага өтө жумшак жаза берилгенин сындашкан.

XS
SM
MD
LG