Активисттер Жибек Жолу көчөсүнүн жөө адамдар өтүүчү бөлүгүн бойлоп, андан ары Панфилов көчөсү менен Абай атындагы Мамлекеттик академиялык опера жана балет театры тарапка багытын улантышты.
Акциянын катышуучулары “Ар бир канкор түрмөдө болсун. Ар бир аял маанилүү” деген ураандарды чыкырышты. Алар “Мен, сен, биз – Салтанат”, “Фемицидди токтоткула”, “Үнсүздүк бизди сактап кала алган жок” деген баракчаларды көтөрүп жүрүштү.
"Биз бул өкүмгө макул эмеспиз, ал өмүр бою абакта калышы керек. Ал түрмөдөн баары бир эрте чыгып кетет. Биз сиздерди эч качан үнсүз калбоого чакырабыз, эгер каалооңуз жана эркиңиз болсо, каршы туруңуз" ,-деди Feminita демилгечи тобунун тең негиздөөчүсү Жанар Секербаева.
Казакстанда аялы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен уруп-сабап, кыйнап өлтүргөн деп айыпталган мурдагы министр Куандык Бишимбаев 13-майда 24 жылга эркинен ажыратылды. Ал жаза мөөнөтүн коопсуздук чаралары күчөтүлгөн абакта өтөмөй болду.
Ал эми Бишимбаевдин кылмышын жаап-жашырган деген айып менен кармалган тууганы Бахытжан Байжанов төрт жылга кесилди.
Соттук териштирүү 11-мартта башталган. Окуя былтыр 9-ноябрда болгон. Прокурор мурдагы министр аялын тынымсыз сабаганын, аны өлтүрүп коюп, бир нече саат дарыгер да, полиция да чакырбай, тамак ичип, тааныштары менен телефон аркылуу сүйлөшүп жүрө бергенин билдирген. 31 жаштагы Нукенова алган жараатынан эсине келбей көз жумган.
Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылган, бирок 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
Анын аялынын өлүмү Казакстанды нес кылып, зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылган акциялар башталган. Натыйжада аялды жана баланы кордогондордун жазасын катаалдаштыруу мыйзамы кабыл алынган.