24 жылдан бери аялдарга жана үй-бүлөлөргө акысыз укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүп келаткан уюмду буга чейин белгилүү укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова жетектеген.
"Сезим" кризистик борбору кыз-келиндердин зомбулукка кабылышын сындап, өкүмзордукка, кош аялдуулукка жана башка укук бузууларга каршы ишмердик жүргүзөт. Оор тагдырга кабылганга көмөк көрсөтөт.
Кыргыз коомчулугу Атыр Абдрахматованы юрист жана укук коргоочу катары тааныйт. Ал 2022-2023-жылдары Кыргызстандын акыйкатчысы - омбудсмен кызматын аркалаган. Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп иштеген.