Ссылки доступа

Жыл аягына чейин Өзбекстанга 250-300 миң эмгек мигранты кайтып барат деп күтүлүүдө


Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында жергиликтүү өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоонун эсебинен калкты иш менен камсыз кылуу жана кирешесин көбөйтүү маселесине арналган видеоселектордук жыйын өттү.

Президент калктын иш менен камсыз болушу жана кирешесинин көбөйүшү эң маанилүү маселелердин бири экенин белгилеп, бардык деңгээлдеги жетекчилерге бул тармакта көңүл кош мамилеге жол берилбеши керектигин эскертти.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, жыйында дагы бир маанилүү маселе катары тартипке салынган жана коопсуз эмгек миграциясы аталды.

Быйыл январдан мартка чейин Өзбекстанга чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн 58 миң киши кайтып барса, апрель айында дагы 57 миң жаран мекенине кайткан. Жыл соңуна чейин дагы 250-300 миң киши кайтат деп күтүлүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө Өзбекстанга кайтып келе турган жарандарды иш менен камсыз кылуу жана аларга социалдык маселелерин чечүүгө көмөктөшүү маанилүү экени белгиленди.

Жооптуу аткаминерлердин алдына миграция боюнча бирдиктүү маалыматтык платформа түзүү, аны "жети квартал" системасына интеграциялоо, чет өлкөдө иштеп жүргөн жана оор абалга туш болгон мекендештерге жардам берүү жана өлкөгө кайтып келген жарандарды иш менен камсыз кылуу тапшырмалары коюлду.

Мындан тышкары талкууланган маселелер боюнча аймактардын жана бир катар тармактардын жетекчилеринин отчёттору угулду.

XS
SM
MD
LG