Баку көп жылдар бою армян тектүүлөр көзөмөлдөп келген Карабак аймагын былтыр кайтарып алган жана аны бекемдөөгө аракеттенүүдө.
Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян 10-май күнкү билдирүүсүндө Ереван тынч келишимге эле эмес, транспорттук каттамдарды ачууга да даяр экенин айткан.
Тараптар 19-апрелде кол койгон протоколго ылайык, Ереван менен Баку чек аранын айрым тилкелери боюнча баштапкы келишимге жетишти. Ага ылайык, чек ара совет учурундагыдай бөлүнөт да, Ереван 1990-жылдардан бери көзөмөл кылып келген төрт айылга ээлигин жоготот.
Келишимге башында архиепископ Баграт Галстанян башында турган армян оппозициясы каршылыгын билдирип, Ереванда он миңдеген адамдар катышкан митингдерде премьер-министр Никол Пашиняндын бийликтен кетиши талап кылынган. 10-май күнү Еревандагы митингде архиепископ жарандык каршылыктар улана берерин билдирген.
Жекшемби күнү кечинде Ереван шаарындагы Республика аянтына премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган жана Азербайжан менен чек ара макулдашуусунун долбооруна нааразылык билдирген жүздөгөн адам чогулганы кабарланды.
Чек ара боюнча эки өлкөнүн келишимин АКШ, Евробиримдик жана оппозиция сынга алган премьер-министр Пашинян кубаттады.
30-апрелде армян парламентиндеги отурумда өкмөттү колдогон депутаттар 52 жаштагы архиепископ Галстанянды орусиялык тыңчы деп атап, аны Азербайжан менен мамиленин кайрадан чыңалышын козутууда деп айыпташкан.
Пашинян чек ара боюнча мындай келишим коңшу Азербайжандын аскердик агрессиясына жол бербөө үчүн зарыл экенин айткан.
Эки өлкө акыркы 30 жыл ичинде Советтер Союзу урагандан кийин этностук армяндар отурукташкан анклавга айланып, эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныган Тоолуу Карабак үчүн үч жолу согушту. Анда эки тараптан миндеген кишинин өмүрү кыйылды.
Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы тургундар үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.
Чек араны тактоо тууралуу кезектеги сүйлөшүүлөр быйыл жыл башында башталган.