Ссылки доступа

Индияга мыйзамсыз алтын алып кирүүгө аракет кылган эки өзбекстандык кармалды (видео)


Индиянын баш калаасы Нью-Дели шаарында жайгашкан Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортто өлкөгө аткезчилик жол менен 5 килограмм алтын алып кирүүгө аракет кылган Өзбекстандын эки жараны кармалды.

Аэропорттун басма сөз кызматы кабарлагандай, кармалган жүргүнчүлөр Индияга Дубайдан (Бириккен Араб Эмираттары) учуп барышкан.

Бажыдагы текшерүүнүн жүрүшүндө алар Индиянын аймагына 31,6 миллион рупийге (360 миң доллардан ашык) бааланган алтынды мыйзамсыз алып келишкени аныкталган.

Кармалгандарга каршы кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

XS
SM
MD
LG