Ссылки доступа

Казакстан Москва менен Киевдин сүйлөшүүсүнө аянтча берүүгө даяр


Украинадагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр Орусиянын катышуусуз мүмкүн эмес жана Астана аларга аянтча берүүгө даяр. Бул тууралуу Казакстандын Орусиядагы элчиси Даурен Абаев Орусиянын ТАСС мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирди.

"Орусиянын катышуусуз бул жараяндар мүмкүн эместиги анык. Албетте, бул процесстерде Орусиянын пикири ар дайым эске алынышы керек. Биз ортомчу эмес, аянтча берип, кандайдыр бир шарттарды түзүүгө даярбыз. Сүйлөшүүлөрдү баштоо абдан маанилүү", - деди Казакстандын президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Абаев.

Швейцария конференциясы тууралуу суроого жооп берип жатып, Абаев: “Орусиянын пикири болбосо, балким, өтө кыйын болот, ал тургай кандайдыр бир макулдашууга келүү мүмкүн эмес", - деди. Ал Люцерндеги конференцияга Казакстан чакырылбаганын да белгиледи. Июнь айынын ортосунда Швейцария Украина боюнча конференция өткөрөт, ага 160 делегация чакырылган, Орусия чакырылган эмес.

Киев Москва менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке кагууда. Украина үчүнчү жылдан бери согуштук агрессияга туш болуп, ок-дарылардын, техниканын жана аскерлердин жетишсиздигин башынан кечирүүдө.

Бул арада Абаев Казакстандын Коргоо министрлиги Украинага аскердик продукция жеткирүү мүмкүндүгү талкууланганын "жалган" деп атады. Маалыматты орусиялык басылмалар жарыялашкан. Элчи Казакстан Орусиянын союздашы экенин белгилеп, “жогорку саясий деңгээлде өз ара түшүнүшүү абдан жакшы экенин” белгиледи.

Расмий түрдө Казакстан Украинанын аннексияланган аймактарын Оурсиянын курамында тааныган эмес. Астана аскердик кол салууну колдогон жок, бирок аны айыптаган да жок. Иликтөөчү журналисттердин айтымында, Орусия өзүнүн өнөктөштөрүн, анын ичинде Казакстанды санкцияларды айланып өтүү үчүн колдонуп жатат: кошуна өлкөлөрдө катталган фирмалар Кремлдин аскердик машинасына жогорку технологиялык продуктуларды жана кош максатта колдонулуучу товарларды жеткиришет.

XS
SM
MD
LG