Азырынча жарлыктын долбоору коомдук талкууга чыгарыла элек. Журналисттердин колуна тийген документтин көчүрмөсүнө ылайык, жеке жактардын товарлар жана кызматтар үчүн картадан картага которууларын "тартипке салуу" максатында Борбордук банк менен Салык комитетине тиешелүү суммадан ашкан которуулар тууралуу өз ара маалымат алмашуу тууралуу меморандумга эки айдын ичинде кол коюу сунушталат.
Жеке жактар үчүн бир жылдык чек катары 100 миллион сум (7,8 миң доллар), юридикалык жактарга 500 миллион сум (39,4 миң) деп белгилениши мүмкүн.
Мындан тышкары 10-июлдан тарта корголгон каналдар аркылуу өз ара маалыматтар базасы менен интеграцияланган система түзүү пландалууда. Ал маалыматтарды иштеп чыгып, адамдын катышуусуз эле тобокелдиктерди аныктоого жөндөмдүү болот.
Өзбекстанда картадан картага акча которууларды текшерүү боюнча ыйгарым укуктарды киргизүү аракеттери буга чейин да болгон. Салык комитети 2020-жылы апрелде сунуштаган долбоордо жеке тараптардын бардык карталарына 30 миллион сумдан (23,8 миң доллар) ашык каражат түшсө жана p2p-операциялардын саны 10дон ашса, банктарды салык органдарына маалымат берүүгө милдеттендирген тартип киргизүү каралган.