Эки тургун 92 миң теңге, дагы төртөө 184 миң теңгеден айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Айыпка жыгылгандар муну кысым, унчукпай турууга мажбурлоо аракети катары баалап жатышат.
Маралды айылынын тургундары бир нече жылдан бери өз айылына жакын жерде алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна каршы чыгып келишет.
Алар мурдараак жергиликтүү өз алдынча башкаруу жамаатын түзүшкөн. Айыл тургундары айткандай, алар өз аракеттерин акимчилик менен макулдашкан, бирок юстиция органдарынан каттоодон өтүшкөн эмес.
"Жамаат Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөгөндүктөн, полиция анын ишин мыйзамсыз деп атаган. Иш жүзүндө мыйзамсыз эч нерсе кылган жокпуз. Биз жергиликтүү экологиянын абалына тынчсызданганыбызды гана айттык. Бирок бийлик анда да нааразылыгыбызды айтпай, оозубузду жаап отурсун деген максатта ушундай кысым көрсөтүп жатат", - деди "Азаттыктын" казак кызматына айып пулга жыгылгандардын бири Жанат Карибаева.
"Азаттыктын" казак кызматы фабриканын курулушунун артында Чыгыш Казакстан облусунун мурдагы акиминин уулу Даниал Ахметовдун бизнес өнөктөшү жана Казакстандын мурдагы туризм министринин уулу турганын аныктаган.