Ссылки доступа

Казакстандын Башкы прокуратурасы мурдагы ИИМ башчысы кармалганын ырастады


Казакстандын мурдагы ички иштер министри Ерлан Тургумбаев "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген шек менен кармалды. Маалыматты өлкөнүн Башкы прокуратурасы ырастады.

"Кылмыш ишинде мамлекеттик сырларды камтыган маалыматтар бар болгондуктан, сотко чейинки тергөөнүн башка маалыматтары ачыкка чыгарылбайт", – деп жазылган мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

ИИМдин мурдагы башчысы кармалганы тууралуу жергиликтүү агенттиктер 29-апрелде өз булактарына таянып кабарлашкан.

Март айында Башкы прокуратура 2022-жылдын Январь окуяларында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылбагандыгы, ошондой эле адамдарды кыйноо фактылары боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы тергөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Бул иштин алкагында Ерлан Тургумбаев да сурак берип чыккан.

61 жаштагы Эрлан Тургумбаев 2022-жылдагы Январь окуясынан кийин жаңы түзүлгөн өкмөттө өз кызматында калган. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев аны ошол эле жылы 25-февралда жумуштан алган.

Коңшу өлкөдө 2022-жылы 2-январда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер башталып, кийин бийликтин отставкасын талап кылган саясий ураандар да жаңырган. Акциялар кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон.

Бул окуялардан кийин мурдагы бир катар чиновниктер кармалып, абакка кесилген.

XS
SM
MD
LG